Баку-2017: Юрий Краковецкий алтын тагынды

Баку-2017: Юрий Краковецкий алтын тагынды
15-Май 2017, Дүйшөмбү

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан IV Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий алтын тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Спортчу финалдык беттеште 100 кг салмактагы категорияда алжирдик спортчу Наджиб Теммаромду 1 минут 14 секундда жеңип алган.

Белгилей кетсек, Ислам тилектештигинин оюндары 22-майда аяктайт. Ага 49 мамлекеттин спортчулары таймашууда. Кыргызстандын атынан 70 спортчу спорттун 11 түрү боюнча катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!