​Токио - 2020: Серфинг жарышына бир жыл калды (видео)

​Токио - 2020: Серфинг жарышына бир жыл калды (видео)
27-Июль 2019, Ишемби, 13:12

Токио шаарында кийинки жылы өтүүчү жайкы Олимпиадада серфинг жарыштары алгачкы жолу өткөрүлөт. Эл аралык олимпиада комитети спорттун бул түрүн программага кошууга чечим кабыл алган. Бул жарыштар Токио аралындагы Тиба жээктеринде уюштурулат.

Бирок, көптөгөн жапондуктар серф – маданиятты Сагами жарым аралында пайда болгондугун айтышууда. Мурда жергиликтүү калк кир жуучу тактайлар менен жарышып келген. Кийин 60-жылдары толкун менен жарыша турган заманбап тактайлар жасалган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Жапонияда 2020-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндары 22-июлдан 9-августка чейин өтөт. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 мелдеш өткөрүлөт. Алгачкы мелдеш 22-июлда башталып, ал эми оюндардын жабылышы 9-августа болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР