​Гарет Бэйл “Реалдан” Кытайга кетти

​Гарет Бэйл “Реалдан” Кытайга кетти
30-Июль 2019, Шейшемби, 14:39

Мадриддик “Реал” командасынын жарым коргоочусу Гарет Бэйл Кытайдын "Цзянсу Сунин" футбол клубуна 22 миллион еврого өттү. Marca басылмасы келишим 3 жылга түзүлгөндүгүн жазууда. Маалыматка ылайык 30 жаштагы Бэйл “Реалдан” канча компенсация алаары азырынча белгисиз.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Реал” клубу Бэйлди 2013-жылы англистердин "Тоттенхэм" командасынын 100 миллион еврого сатып алган. Беш сезон ичинде ал 231 беттешүүгө катышып, 102 гол кргизген. Жалпысынан “Реал” менен 13 сыйлыгы бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР