​УЕФА: Месси жана Роналду мыкты гол үчүн атаандашууда

​УЕФА: Месси жана Роналду мыкты гол үчүн атаандашууда
31-Июль 2019, Шаршемби, 12:43

Европанын футбол Ассоциацияларынын бирлиги (УЕФА) 2018/19 сезонунун мыкты голдорун добушка койду. Алардын арасында“Алтын топ” сыйлыгынын беш жолку ээлери Криштиану Роналду жанаЛионель Месси да бар.

Добуш берүү Европанын футбол Ассоциацияларынын бирлиги(УЕФА) спорттук уюмунун расмий сайттында 9-августка чейин уланат.

Тизмеге кирген мыкты голдор:

1. Криштиану Роналду ("Ювентус"). Чемпиондор лигасы. "Манчестер Юнайтед" менен болгон беттешүү (1:2).

2. Исмаила Сарр ("Ренн"). Европа лигасы. "Яблонец" менен болгон беттешүү (2:1).

3. Давид Фаупала ("Аполлон). Европа лигасы. "Лацио" менен болгон беттешүү (2:0).

4. Педро Родригес ("Челси"). Европа лигасы. "Славия" менен болгон беттешүү (4:3).

5. Лионель Месси ("Барселона"). Чемпиондор лигасы."Ливерпуль" менен болгон беттешүү (3:0).

6. Энцо Мийо ( Франция курамыU17). Евро-2019. Чехия менен болгон беттешүү (6:1).

7. Луиш Нани ("Спортинг"). Европа лигасы."Карабах" менен болгон беттешүү (6:1).

8. Катержина Свиткова ("Славия). Аялдардын Чемпиондор лигасы. "Бавария" менен болгон беттешүү (1:1).

9. Иван Ракитич ("Барселона"). Чемпиондор лигасы."Тоттенхэм" менен болгон беттешүү (4:2).

10. Данилу (Португалия курамы). Евро-2020 тандоо туру. Сербия менен болгон беттешүү (1:1);

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР