​“Хабиб — Порье” таймашынын расмий афишасы чыкты

​“Хабиб — Порье” таймашынын расмий афишасы чыкты
2-Авг. 2019, Жума, 13:44

Америкалык таймаштын аралаш түрү боюнча мушкери Дастин Порье жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен октагонго чыгаарына бир айга жакын убакыт калды. Бул мелдешке билеттер сатылып, эки мушкер көз караштар таймашын өткөрдү. Ал эми кечээ 7-сентябрда Абу-Даби шаарында өтө “Хабиб — Порье” таймашынын расмий афишасы чыкты

7-сентябрда Абу-Даби шаарында өтө турган Хабиб – Порье мелдешине 18 миң көрүүчүнүн келиши күтүлүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун эсеп куржунунда 27 мелдешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми америкалык мушкер Дастин Порье 31 таймашка чыгып 25 жолу утушка ээ болгон. Анын 13дө нокаут жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!