​ФИФА: Дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу талапкерлери аталды

​ФИФА: Дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу талапкерлери аталды
3-Авг. 2019, Ишемби, 10:40

Эл аралык футбол бирлиги (ФИФА) дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу талапкерлерин атады. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий сайты жарыялады.

Мыкты машыктыруучулардын сыйлыгын тапшыруу салтанатты 23-сентябрда Милан шаарынын "Ла Скала" театрында өтөт.

Быйылкы жылы сыйлыкка көрсөтүлгөн машыктыруучулар:

Англиянын «Ливерпуль» клубунун машыктыруучусу немис Юрген Клопп, Джамель Бельмади (Алжир курама командасы), Дидье Дешам (Франция курамасы), Марсело Гальярдо (Аргентина "Ривер Плейт"), Рикардо Гарека ( Перу курамы), Хосеп Гвардиола ("Манчестер Сити", Англия чемпиону), Маурисио Почеттино ("Тоттенхэм", УЕФА чемпиону), Фернанду Сантуш ( Португалия курамы), Эрик тен Хаг ("Аякс"), Тите ( Бразилия курамы).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!