Футбол клубдары Лосанону талашууда

Футбол клубдары Лосанону талашууда
3-Авг. 2019, Ишемби, 14:49

Италиянын "Наполи" футбол клубу голландиялык “ПСВ” футболчусу Ирвинг Лосанону 42 миллион еврого сатып алууда. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык 24 жаштагы мексикалык футболчуну жайкы трансфер терезеси учурунда мадридин «Реал» жана «Барселона» клубдары алууга аракет жасашкан.

Таланттуу оюнчуга жылына 4,5 миллион евродон айлык берилет. Былтыркы сезондо Лосано Голландия чемпионаттында 30 беттешүүгө катышып 17 гол киргизген.

Ал эми 2018-жылдага Орусияда өткөн дүйнө чемпионатында атактуу “FourFourTwo” журналынын версиясы боюнча “Мыкты футболчу” аталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!