​Айсулуу Тыныбекова Польшада күмүш медалга ээ болду

​Айсулуу Тыныбекова Польшада күмүш медалга ээ болду
5-Авг. 2019, Дүйшөмбү, 10:14

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн Poland Open эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты. Аялдар күрөшү боюнча XXIII эл аралык Poland Open турнири 2-4-август күндөрү Варшавада өттү.

Айсулуу Швеция, Украина, Орусиядан келген балбан айымдар менен беттешип финалга чыкты. Чечүүчү беттеште Тунистен келген спортчу менен ат салышмак. Бирок, Тыныбекова жаракат алгандыгына байланыштуу финалдык беттешүүгө катышпайт.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Азиянын үч жолку чемпиону. КРнын эмгек сиңирген спортчусу, эл аралык класстагы спорт чебери. Даңк медалынын ээси.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!