​Бокс боюнча дүйнө чемпиону абакта каза болду

​Бокс боюнча дүйнө чемпиону абакта каза болду
6-Авг. 2019, Шейшемби, 15:23

Варшава шаарында Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Давид Костецки абакта өз жанын кыйды.

Дүйнө чемпиону абакта 5 жылдык мөөнөтүн өтөп жаткан. Окуя болгон жерге келген тез жардам дарыгерлери өзүн-өзү асып алган спортчунун өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Спортчунун өлүм себебин дарыгерлер асфиксия деп аташты. Анын абактагы мөөнөтү аяктаарына эки жыл калган.

Дүйнө чемпиону Давид Костецки уурдалган автоунааларды легализация кылгандыгы учүн кылмыш иши козголгон. Спортчуга он миллион польшанын злота акчасында матералдык айып тагылган.

Давид Костецки профессионалдык бокста 2001-жылдан бери 41 беттешке чыгып, 39 жеңиш менен аяктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР