​Эсирген мушкер Шевченкого экинчи чакырык таштады

​Эсирген мушкер Шевченкого экинчи чакырык таштады
13-Авг. 2019, Шейшемби, 11:24

UFC уюмунун эки салмак категориясы боюнча чемпиону, эркек мушкер Генри Сехудо экинчи ирет Валентина Шевченкого чакырык таштады. Бул тууралуу өзүнүн Twitter баракчасына кайрылуу видеосун жайгаштырган. Мушкер гендер аралык алгачкы чемпион болгусу келет.

"Менин уюлдук телефонум билдирүүлөрдөн жарылчуудай болуп турат. Элдин бары эле Валентина Шевченко аттуу дүйнө чемпиону бар экенин айтышууда. Билесиңерби, менде кызганыч жаралды. Анда алтын бар, мен ошону алгым келет! Мен дүйнөдөгү аялдар менен эркектер арасындагы биринчи чемпион болгум келет. Сени келерки беттешке чакырам", — деп кайрылган Сехудо.

Ал буга чейин дагы Шевченкого чакырык таштаган. Ал эми Валентина анын куру Glock 19 тапанчасы менен корголгонун билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, 31 жаштагы кыргызстандык мушкердин ММА боюнча 18 жеңиши бар. Ал эми Сехудо 2018-жылдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүүсү, ММА боюнча 15 жеңишке ээ болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!