​Жозе Моуриньо “ПСЖ” клубун башкарышы мүмкүн

​Жозе Моуриньо “ПСЖ” клубун башкарышы мүмкүн
23-Авг. 2019, Жума, 10:25

Атактуу португалиялык футбол машыктыруучусу Жозе Моуриньо француздардын "Пари Сен-Жермен" клубуна башкы машыктыруучу болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Soccer Link" порталы жазууда. Маалыматка ылайык мурдагы Порту, Челси, Интер, Реал жана Манчестер Юнайтед клубдарынын легендарлуу машыктыруучусу Жозе Моуриньо учурдагы “ПСЖ” клубунун башкы машыктыруучусу Томас Тухелди ордун алмаштырышы мүмкүн. Ал быйылкы сезондун ачылышында эле ишенимсиз баштап, абдан көп терс пикирлер жана кысымдарга кабылды. Тагыраак айтканда немис адисине “ПСЖ” оюнчуларынын көпчүлүгү ыраазы болбой жатышат.

Мындан тышкары “ПСЖ” кожоюндары Жозе Моуриньону жогорку баалашат. Португалиялык адис француз тилин мыкты билгендиги менен да айырмаланат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Жозе Моуринью "Манчестер Юнайтед" клубунун башкы машыктыруучусу кызматтынан 2018-жылы кеткен. Ал эми "Манчестер Юнайтед" клубун 2016-жылдан бери жетектеп келди. Анын жетекчилиги астында 2015-жылы Англиянын Суперкубогун, Англия лигасынын Кубогун (2016/17) жана Европа лигасын 2016/17 сезондо жеңип алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!