Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)

Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
23-Авг. 2019, Жума, 12:41

UFCнин мурдагы жеңил салмактагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун вискиден баш тарткан улгайган кишини башка чапкандыгы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу мушкер ESPN спорттук каналына курган маегинде билдирди.

“Кандай жаза болсо дагы тарттамын” деген Конор Макгрегор “Мен туура эмес кылдым. Ал адам каалагандай эс алууга укуктуу болчу анан жанагыдай окуя болуп кетти... Ага учурунда эле моралдык чыгым төлөгөм, азыр ал маанилүү эмес. Мен туура эмес кылдым. Жоопкерчиликтүү болушум керек болчу. Бул жоопкерчиликти мени колдогон адамдарым - ата-энем, үй-бүлөөм үчүн жасашым керек эле. Мени спорттун бул санатына тарбиялаган машыктыруучуларым үчүн жасашым керек болчу. Мен андай адам эмесмин. Бул спортко ал үчүн келген эмесмин. Ушундайлардан коргоо үчүн келгемин”,-деди.

Эсиңиздерге сала кетсек, Конор Макгрегорд барга келип, чогулгандарды өзүнүн Proper Twelve брендиндеги виски менен сыйлаган. Бирок отургандардын бири анын ичимдигин ичпей койгон. Конор аны башка чаап, окуя болгон жерден качып кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР