US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет

US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
23-Авг. 2019, Жума, 14:42

Орусиялык белгилүү спортчу, дүйнөнүн мурдагы биринчи теннисчиси Мария Шарапова америкалык атаандашы Серена Уильям менен АКШнын ачык чемпонаттында 26-августа биринчи айлампада беттешет.

Шарапова менен Уильямс ушуга чейин бири-бири менен 22 жолу мелдешке чыгышкан. Анда орусиялык спортчу эки жолу жеңишке жетишкен. Ал 2004-жылы июль айында Уимблдон финалында жана ошол эле жылы Аялдардын теннис ассоциациянын (WTA) жыйынтыктоочу мелдешин утуп алган.

Эсиңерге сала кетсек, "Чоң шлемди" беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг колдонулгандыгы белгиленген. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР