​Баку-2017: Каныбек Жолчубеков алтын тагынды

​Баку-2017: Каныбек Жолчубеков алтын тагынды
18-Май 2017, Бейшемби

17-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан IV Ислам тилектештигинин оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Каныбек Жолчубеков алтын медалды утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 58 кг салмактагы категорияда алгач иорданиялык спортчуну, чейрек финалда азербайджандык Мурат Маммадовды жеңип, финалдык таймашта өзбекстандык Икромжон Бакрамов менен беттешип 11: 2 упай эсебинде женип, алтын байгени утуп алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!