​УЕФА өткөн сезондун эң мыкты футболчусун атады

​УЕФА өткөн сезондун эң мыкты футболчусун атады
2-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 10:36

Европанын футбол Ассоциацияларынын бирлиги (УЕФА) 2018/19 сезонундагы Европанын эң мыкты футболчусу катарында Англиянын “Ливеруль” клубунун коргоочусу Вирджил ван Дейкти атады. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий баракчасында жарыяланды.

Сыйлыкты тапшыруу салтанаты Монако шаарында өткөрүлдү. Сезондун эң мыкты футболчусу талапкерлиринин баш саптарында чабуулчулар Лионель Месси («Барселона»), Криштиану Роналду («Ювентус») да бар болчу.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары төмөндөгүчө:

1. Вирджил ван Дейк (Ливерпуль/Нидерланды) - 305 упай

2. Лионель Месси (Барселона/Аргентина) - 207

3. Криштиану Роналду (Ювентус/Португалия) - 74

4. Садио Мане (Ливерпуль/Сенегал) - 51

5. Мохамед Салах (Ливерпуль/Египет) - 49

6. Эден Азар (Челси/Реал/Бельгия) - 38

7-8. Маттейс де Лигт (Аякс/Ювентус/Нидерланды) - 27

7-8. Френки де Йонг (Аякс/Барселона/Нидерланды) - 27

9. Рахим Стерлинг (Манчестер Сити/Англия) - 12

Ал эми былтыркы жылы эң мыкты футболчу наамын “Реал Мадрид” клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич алган. Быйылкы сезондо Вирджил ван Дейк Чемпиондор лигасын жеңип, финалда мыкты оюнчу аталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР