​Ильзат Ахметов ЦСКА клубунун курамында алгачкы голун тепти

​Ильзат Ахметов ЦСКА клубунун курамында алгачкы голун тепти
2-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 11:10

Кыргызстанда туулуп-өскөн жаш футболчу Ильзат Ахметов ЦСКА футбол клубунун курамында биринчи голун киргизди. Ал Орусиянын 8-Премьер-Лигасы алкагында тулалык “Арсенал” командасы менен болгон беттештин биринчи таймында гол киргизди. Беттештин экинчи таймында кесиптеши Седрих Гогуа дагы бир гол киргизип, оюн 1:2 эсебинде ЦСКА жеңиши менен аяктады

Ильзат Ахметовдун ЦСКА менен болгон келишими 2022-жылга чейин түзүлгөн. Ильзат өткөн сезондо 17 беттешүүгө катышып, 3 жолу ыңгайлуу учурду түзүп берген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкекте төрөлгөн. Бала чагынан шаардын “Алга” клубунда ойноп, окуучулук кезинде үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кетишкен. Ал жакта Казандын “Рубин” командасында ойногон. 2018-жылы Москванын ЦСКА клубуна өтүп, анын курамында Чемпиондор лигасына да катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР