UFC мушкерлери “Нурмагомедов – Порье” таймашында ким жеңээрин айтышты (видео)

UFC мушкерлери “Нурмагомедов –  Порье” таймашында ким жеңээрин айтышты (видео)
2-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 11:57

Америкалык таймаштын аралаш түрү боюнча мушкери Дастин Порье жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен октагонго ушул аптанын ишемби күнү чыгат. Бүйүрдү кызыткан бул мелдешке Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) спорттук уюмунун атактуу спортчулары алдын-ала өз божомолдорун айтышты. Алардын арасында Джон Джонс (UFC чемпиону ), Тиаго Сантос, Даниэль Кормье (UFC мурдагы чемпиону), Бен Аскрен ( ONE Championship, Bellator мурдагы чемпиону), Бен Аскрен ( ONE Championship, Bellator мурдагы чемпиону), Макс Холлоуэй (UFC чемпиону ) эки мушкердин кимиси жеңээрине пикирлерин бөлүштү.

7-сентябрда Абу-Даби шаарында өтө турган Хабиб-Порье мелдешине 18 миң көрүүчүнүн келиши күтүлүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун эсеп куржунунда 27 мелдешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми америкалык мушкер Дастин Порье 31 таймашка чыгып 25 жолу утушка ээ болгон. Анын 13дө нокаут жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР