​“Барселона” клубунун легендасы 9 жаштагы кызынан ажырады

​“Барселона” клубунун легендасы 9 жаштагы кызынан ажырады
2-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 13:40

"Реал" жана "Барселона" клубунун мурдагы легандасы, учурдагы Испания курама командасынын машыктыруучусу Луис Энрике 9 жаштагы кызы көз жумгандыгын билдирди. Бул тууралуу атактуу футболчу өзүнүн "Твиттер" баракчасына жазды. 9 жаштагы кызы 5 айдан бери сөөк рагы менен алпурушуп келаткан.

Луис Энрике “Биздин кызыбыз Ксана 9 жашында катуу оорудан кийин чын дүйнө салды” деп жазды.

Бул ачуу кабардан кийин футбол легендасын эки-үч саат ичинде 200 000 ашык адам көңүл айтып, колдоосун билдирген.

Футбол карьерасында Луис Энрике "Реал" жана "Барселона" клубдарында ойноп, өлкө чемпиону жана Испания Кубогунун ээси болгон.

Ал эми машыктыруучу катарында Энрике каталониялык клуб менен Испания чемпионаттын 2015-жылы жеңип, Чемпиондор лигасынын жеңишине алып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР