​Неймар "Пари Сен-Жермен" клубунда калды

​Неймар
3-Сен. 2019, Шейшемби, 13:02

Быйылкы жайдын трансфердик терезесиндеги абдан талкууланып жаткан Неймар маселесине чекит коюлду. Ааламдын эң кымбат футболчусу Барселона" жана "Реалда" эмес мурдагы командасы "Пари Сен-Жермен" клубунда калды.

Бул жайда Неймар бир канча жолу париждик клубдан кетүүгө аракет жасады. Бирок ага салынган айып пул жана көптөгөн себептерден улам которула алган жок.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы август айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР