Криштиану Роналду 10-жолу “Жылдын футболчусу” аталды

Криштиану Роналду 10-жолу “Жылдын футболчусу” аталды
4-Сен. 2019, Шаршемби, 10:47

Португалиялык футболчу, "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду 10-жолу Португалиянын мыкты футболчусу аталды. Бул тууралуу Португалия футбол федерациясынын (FPF) расмий сайтында жазылууда. Маалыматка ылайык 34 жаштагы футболчу бул наамга 2007-жылдан баштап 2016-жылга чейин удаасы менен татыктуу болгон. Болгону 2010 жана 2014-жылдары бул сыйлыкты алдырып жиберген.

Добуш берүүдө ал португалиялык футбол жылдыздары "Манчестер Сити" клубунун жарым коргоочусу Бернарду Силву жана "Атлетико" чабуулчусу Жоау Фелишти ашып кеткен.

Криштиану Роналду быйылкы сезондо “Ювентус” клубу менен 21 гол киргизип,11 ылайыктуу жагдай түзүп берген. Ал бул команда менен Италия чемпионаттын жеңип,ал эми Португалия курама командасы менен Улуттар лигасынын кубогун алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР