Анна Курникова эмнеге Иглесиаске турмушка чыкпай жүргөндүгүн айтты

Анна Курникова эмнеге Иглесиаске турмушка чыкпай жүргөндүгүн айтты
4-Сен. 2019, Шаршемби, 12:03

Мурдагы дүйнөнүн биринчи теннисчиси Анна Курникова 15 жыл чогу жашаган атактуу ырчы Энрике Иглесиас менен ушуга чейин эмнеге турмушка чыкпай жүргөндүгүн айтты. Бул тууралуу "The Sun" гезити жазып чыкты. Маалыматка ылайык Курникова менен Иглесиас 2001-жылы таанышып, чогу жашашат.

Анна Курникова “Үйлөнүү үлпөтү мен үчүн маанилүү деле эмес. Мамиледе ачыктык, толук ишеним жана өз ара сыйлашуу керек. Биз канча жылдын бери биргебиз. Ал менин эркек, мен анан аял версиясы болом. Биз бири-бирибизди толуктап турабыз” деп айткан.

Анна Курникова жана атактуу испаниялык ырчы Энрике Иглесиас 2017-жылы декабрь айында эгиз балалуу болушкан жана аттарын Николас, Люси койушкан.

Эсиңиздерге сала кетсек Анна Курникова - мурдагы жуптар рейтинги боюнча дүйнөдөгү биринчи теннисчи. Жалгыз рейтинги боюнча дүйнөнүн 8- теннисчиси. Курникова 16 титулдук жеңишке ээ болгон. Австралиянын ачык чемпионатын эки жолу багындырган. Жалгыз рейтинг боюнча Уимблдондун жарым финалына жеткен. Ал эми 2003-жылдан бери атактуу теннисчи Аялдардын теннис бирлигинин (WTA) мелдештерине катышпай келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР