​Пакьяо спортчулар арасында биринчи криптовалютасын чыгарды

​Пакьяо спортчулар арасында биринчи криптовалютасын чыгарды
4-Сен. 2019, Шаршемби, 15:05

Филиппиндик мушкер, сегиз салмак боюнча дүйнө чемпиону Мэнни Пакьяо спортчулар арасында биринчи криптовалютасын чыгарды. “Рас” деп аталган криптовалютаны күйөрмандар боксчунун символикасы менен фирмалык дүкөндөрдөн жана акылуу интернет кызматтарынан ала алышат.

Пакьяо криптовалютасын кое берген алгачкы спортчу болуп калды. Андан тышкары жеке криптовалютасын теннисчи Каролина Возняцки, Майкл Оуэн жана америкалык ырчы Джейсон Деруло чыгарууну пландап жатат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Мэнни Пакьяо профессионалдык рингде 61 жеңиши болсо, анын ичинде 7 жолу жеңилген. Учурда мушкер эки тизгин бир чылбырды бирге алып келүүдө. Ал Филиппин 2016-жылдан бери Филиппин парламентинин жогорку палатасынын сенатору жана муну менен бирге профессионалдык рингге чыгууну улантып келатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР