​Бүгүн "Ак шумкарлар" Тажикстан курамы менен беттешет

​Бүгүн
5-Сен. 2019, Бейшемби, 09:56

2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндары алкагында кыргыз-тажик курамалары бүгүн Дүйшөмбү шаарында беттешет.

Александр Крестинин курама командага даярдоого 23 оюнчу чакырылган.

Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна жана 2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатынын акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Кыргыз футболчуларынын жаңы курамы төмөндөгүчө түзүлгөн:

Дарбазачылар: Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»), Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, Павел Матяш (баары «Дордой»);

Коргоочулар: Айзар Акматов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Авазбек Откеев, Мустафа Юсупов (баары «Дордой»), Тамирлан Козубаев (ПКНС, Малайзия), Андрей Долженко («Илбирс»);

Жарым коргоочулар: Муролим Ахмедов, Кайрат Жыргалбек уулу, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Азиз Сыдыков (баары «Дордой»), Одилжон Абдурахманов («Алай»), Гүлжигит Алыкулов («Неман», Беларуся), Эдгар Бернхардт («Кедах»), Бахтияр Дүйшөбеков («Башундара Кингс», Бангладеш), Ахлидин Исраилов, Турсунали Рустамов («Худжанд», Тажикистан), Алимардон Шукуров («Болуспор», Туркия);

Чабуулчулар: Эрнист Батырканов («Дордой»), Абай Боколеев («Илбирс»), Виталий Люкс («Ульм», Германия), Мирлан Мурзаев («Доган Т.Б.», Түндүк Кипр)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР