​Чемпиондор Лигасынын эң ыкчам футболчусу аталды

​Чемпиондор Лигасынын эң ыкчам футболчусу аталды
5-Сен. 2019, Бейшемби, 10:26

“Ливерпуль” клубунун коргоочусу жана Нидерланды курамынын футболчусу Вирджил ван Дейк 2018/2019 сезонунда абдан катуу ылдамдыкта жүгүргөн, эң ыкчам футболчу аталды. Бул тууралуу Европанын футбол Ассоциацияларынын бирлигинин (УЕФА) расмий баракчасында жазылууда.

Голландиялык футболчунун ылдамдыгы «Барселона» (0:3) менен болгон беттеште сааттына 34,5 километрди түзгөн.

Экинчи орунда «Манчестер Сити» жарым коргоочусу Лерой Заненин ылдамдыгы «Хоффенхайм» (2:1) менен болгон беттешүүдө сааттына 34,4 километр болгон. Ал эми үчүнчү орундагы Кайл Уокер «Тоттенхэм» (2:2) менен болгон беттешүүдө ылдамдыгы сааттына 34,2 километрге жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР