Баку-2017: Кыргызстан 12-орунда келе жатат

Баку-2017: Кыргызстан 12-орунда келе жатат
18-Май 2017, Бейшемби

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештигинин IV оюндарында Кыргызстан 57 мамлекеттин ичинен 12-орунда келе жатат. Бул тууралуу оюндун расмий сайты маалымдады.

Маалыматка ылайык, сап башында Түркия мамлекети 139 медаль менен 1-орунда келе жатат.

1-орунда Түркия - 139 медаль (55 алтын, 45 күмүш, 39 коло)

2-орунда Азербайждан - 99 медаль (50 алтын, 29 күмүш, 20 коло)

3-орунда Иран - 55 медаль (14 алтын, 18 күмүш, 23 коло )

4-орунда Өзбекстан - 43 медаль (8 алтын, 12 күмүш, 23 коло)

12-орунда Кыргызстан - 8 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 2 коло)

Коңшу мамлекеттерден

24- орунда Казакстан- 3 медаль (1 күмүш, 2 коло)

34-орунда Тажикстан азырынча медаль ала элек.

Ислам тилектештигинин IV оюндарына оюндары 12-22-май күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында өтүп, 57 мамлекеттин спортчулары таймашууда. Кыргызстандын атынан 70 спортчу спорттун 12 түрү боюнча катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!