​Нурмагомедов UFC рейтингинде экинчи орунда калды

​Нурмагомедов UFC рейтингинде экинчи орунда калды
11-Сен. 2019, Шаршемби, 11:30

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) спорттук уюмунун рейтингинде экинчи орунда калды. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий баракчасында жазылууда. Орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов 7-сентябрда Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринде америкалык мушкер Дастин Порье менен чемпиондук наам үчүн кармашып, муунтуу ыкмасы менен жеңип алган. Бул жеңиштен кийин баардыгы Хабиб Нурмагомедовду UFC рейтингинин сап башына чыгат деп жатышкан.

Бирок андай болгон жок, мушкердин эсебинде 28 жеңиш жана бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми UFC рейтингинин сап башында америкалык жарым салмактагы мушкер Джон Джонс турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!