​Конор Макгрегор Хабибди реваншка чакырды

​Конор Макгрегор Хабибди реваншка чакырды
11-Сен. 2019, Шаршемби, 13:21

UFCнин мурдагы жеңил салмактагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедовдун UFC 242 турнириндеги жеңишинен кийин аны реваншка чакырды. Бул тууралуу Макгрегор “Фейсбук” баракчасына жазды.

Анда ирландиялык мушкер "Москвада Хабиб менен Конордун реваншына билет камдай бергиле",- деди.

Эске салсак, 2018-жылдын 6-октябрында Макгрегор Хабиб менен Лас-Вегаста беттешип, 4-раундда жеңилип калган.

Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) спорттук уюмунун президенти Дана Уайт “Хабиб-Порьенин” беттешинин жеңүүчүсү Тони Фергюсон менен беттешке чыгаарын жар салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!