​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)

​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
21-Сен. 2019, Ишемби, 09:37

Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген алгачкы спортчу болду

Кыргызстандык балбан 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВАНЫН ФИНАЛГА ЧЕЙИНКИ ЖЕҢИШТЕРИ:

1/16 финалы

Алехандра Ромеро Бонилья (Мексика) - Айсулуу Тыныбекова — 0:8

1/8 финалы

Айсулуу Тыныбекова - Юкако Каваи (Жапония) — далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

1/4 финалы

Айсулуу Тыныбекова - Юлия Ткач (Украина) — 9:6

1/2 финалы

Айсулуу Тыныбекова - Йонг Сим Рим (КНДР) — 7:0

Жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.

Финал

Айсулуу Тыныбекова - Тайбе Мустафа Юсейн (Болгария) —5:3

Кыргызстандын эгемен тарыхында кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алтын байгесин уткан балбан Айсулуу Тыныбекова болду.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жаткан мелдеште алдыңкы беш орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!