Майк Тайсон ирландиялык мушкер Макгрегорго кеңеш берди

Майк Тайсон ирландиялык мушкер Макгрегорго кеңеш берди
10-Окт. 2019, Бейшемби, 11:28

Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Майк Тайсон ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун ардагерди ургандыгы боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу ESPN спорттук каналы жар салды. Маалыматка ылайык легендаруу боксу окуяга абдан кыжырданып бирок жөн гана кеңешин билдирген.

Майк Тайсон “Конор өзү өзүнө мындай деп айтышы керек: Эмне болду? Эмнеге мен мындаймын? Канткенде токтолом? Бизди ук, бул маселени биз кандай чечүүнү билебиз. Бир учурда миллиондогон доллар аласың, андай акчаны өмүрүңдө көргөн эмесиң. Ошондо өзүңдү токтото албай эмне кылаарыңды билбейсиң. Буларды ойлонуп көрчү”,- деп айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, Конор Макгрегорд барга келип, чогулгандарды өзүнүн Proper Twelve брендиндеги виски менен сыйлаган. Бирок отургандардын бири анын ичимдигин ичпей койгон. Конор аны башка чаап, окуя болгон жерден качып кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!