​Футболдун мээге зыяны аныкталды

​Футболдун мээге зыяны аныкталды
22-Окт. 2019, Шейшемби, 14:05

Мурдагы профессионал футболчулар башка адамдарга салыштырмалуу үч жарым эсеге деменция же акыл-эстин начарлашы менен коштолгон ооруга чалдыгат. Бул тууралуу Глазго университтетинин эксперттеринин изилдөө жыйынтыктары чыккандыгын «Би-Би-Си» жазып чыкты. Изилдөөгө ылайык 7676 каза болгон мурдагы футболчулардын оору тарыхы изилденген. Бул оору тарыхтарын башка спортчу эмес 23 миң адамдардыкы менен салыштырып көрүшкөн. Адегенде окумуштуулар мээнин өнүгүү патологиясы менен топтун башка тийген соккусун аныктоого киришкен.

Мындан тышкары эксперттер акыл-эстин начарлашы коштолгон тобокелчилик менен кошо мурдагы тажрыйбалуу футболчулар орто эсеп менен узак жашаарын дагы аныкташкан.

Изилдөөлөр 2018-жылдын январь айында башталган. Аны Англия курамасынын мурдагы футболчусу Джеффа Аслдын футбол карьерасындагы башынан алган жараттарынан өлгөндүгүн байланыштырып жиберишкен.

Джеффа Асл 2002-жылы 59 жашында каза болгон. Ал «Вест Бромвич Альбион» жана «Нотс Каунти» клубдары аркылуу атактуу болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!