Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды

Златан Ибрагимович
14-Ноя. 2019, Бейшемби, 13:24

Швеция курама командасынын футболчусу жана "Лос-Анджелес Гэлакси" футбол клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович америкалык клубдан кеткендигин жар салды.

Бул тууралуу 38 жаштагы футболчу социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Маалыматка ылайык швециялык жылдыз футболчунун "Лос-Анджелес Гэлакси" футбол клубу менен келишими бул сезон менен аяктайт жана эки тарап тең узартууга ниеттери жок.

Златан Ибрагимович өзүнүн инстаграм баракчасына “Келди, көрдү, жеңди. Мени кайра жандуу жашатканыңарга ырахмат "Гэлакси". Ал эми "Гэлакси" күйөрмандарына “Силер Златанды көргүңөр келди беле? Мына силерге Златан, тарых уланууда”,- деп жазды.

Златан Ибрагимовичтин "Лос-Анджелес Гэлакси" клубу менен келишими 2019-жылдын 31-декабрында аяктайт. Буга чейин "Гэлакси" клубу менен 56 беттешүүгө катышып, 52 гол киргизген.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2018-жылы 22-мартта Златан Ибрагимович «Манчестер Юнайтед» клубу менен коштошуп, «Лос-Анджелес Гэлакси» клубуна өткөн. Атактуу футболчу «Манчестер Юнайтед» клубунда эки сезон ойноду. Бул учурда футболчу үч чоң жеңишке жетишти. Алар Англия лигасынын кубогу, Англиянын супер кубогу жана Европа лигасын жеңип алышкан. Премьер-лиганын 33 беттешүүсүндө 17 гол киргизип, 5 натыйжалуу шарт түзүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!