Италиянын «Инвиктасауро» жаштар футбол клубунун башкы машыктыруучусу иштен кетти. Анын себеби «Марина Кальчо» командасынан 27:0 эсебинде жеңилүүсү болду. “Football Italia” басылмасынын маалыматына караганда футбол дүйнөсү башкача жеңишти куттуктап жатканда Италияда абал башка жагына бурулду.
«Инвиктасауро» футбол клубунун президенти Паоло Броджелли беттешүүнүн жыйынтыктарына абдан нааразы болуп, башкы машыктыруучуну кызматтан алган.
Паоло Броджелли “Биз оюндун жыйынтыгын укканда таң калдык. Бул жаштар футболунун баалуулуктарына каршы келет. Дайыма каршылашына да сый көргөзүү керек. Учурда андай болбой калды”,- деди.
Ал эми адисти иштен алуу боюнча машыктыруучу жаш оюнчуларды үйрөтүүдөн тышкары тарбиялоосу да керектигин белгилеген.