​Аманкулов дүйнө чемпионун кабыл алды

​Аманкулов дүйнө чемпионун кабыл алды
26-Май 2017, Жума

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов кыргызстандык жаш шахматчы, мектеп окуучулары арасындагы шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло байгегенин ээси Султай Чыңгыз менен жолукту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аманкулов жаш шахматчынын жеңиши менен куттуктап, ийгилик каалап, баалуу белекти тапшырды. Ал эми Султай Чыңгыз шахматтан тышкары лыжа тебүүгө, сууда сүзүүгө кызыга турган билдирди.

Белгилей кетсек, Султай Чыңгыз Румынияда өткөн шахмат мектеп окуучулары арасындагы дүйнөлүк чемпионатта дүйнөнүн 21 мамлекеттин 65 жаш спортчунун ичинен 3-орунду алып, коло байгени жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!