Нигерия Премьер-лигасынын «Ифеани Уба» футбол командасына куралдуу кол салуу болду. Бул тууралуу «Би-Би-Си» жазууда. Маалыматка ылайык футбол командасы «Джигава Голден Старс» клубу менен кезектеги бетешүүгө баратканда белгисиз куралчандар автобусту аткылашкан.
Ок атууда автобустун айдоочусу каза болуп,машыктыруучу штабдын кызматкерлери жана бир канча футболчу жараланган.Учурда баардыгы ооруканага жеткирилип, жараттары жеңил болгондугу кабарлады.Полиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Эсиниздерге сала кетсек, «Голден Старс» командасы менен болчу беттешүү бүгүн өткөрүлмөк. «Ифеани Уба» клубу өлкөнүн чемпионаттында онунчу орунду ээлеп турат.