​Токио - 2020: Кыргызстандан 5-спортчу Олимпиадага жолдомо алды

​Токио - 2020: Кыргызстандан 5-спортчу Олимпиадага жолдомо алды
2-Дек. 2019, Дүйшөмбү, 15:56

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо “Токио -2020” Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Маалыматка ылайык жөө күлүк марафондо 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Мелдеште олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзгөн. Бул ийгилиги менен Дарья Маслова Токио Олмпиадасына лицензия алган кыргызстандык бешинчи спортчу болуп калды.

Мындан мурда балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, сууда сүзүүчү Денис Петрашов (эки жолдомо) жана жеңил атлет Юлия Андреева жолдомо алган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Жапонияда 2020-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндары 22-июлдан 9-августка чейин өтөт. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 мелдеш өткөрүлөт. Алгачкы мелдеш 22-июлда башталып, ал эми оюндардын жабылышы 9-августа болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!"
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
​Лионель Месси АКШга кетеби?
​Лионель Месси АКШга кетеби?
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)