Лионель Мессинин айкели тургузулат

Лионель Мессинин айкели тургузулат
7-Дек. 2019, Ишемби, 12:47

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун капитаны Лионель Мессиге эстелик тургузулат. Мындай чечимди Испаниянын футбол федерациясы (RFEF) кабыл алды. Футболчунун урматына тургузулчу айкел Мадрид аймагындагы Лас-Росас шаарчасына орнотулат.

"Mundo Deportivo" басылмасынын маалыматына караганда Мессинин айкели Альфредо ди Стефано, Пеле жана Диего Марадонанын статуяларынын жанынан орун алат.

2-декабрда 32 жашындагы Лео алтынчы жолку “Алтын топ” сыйлыгын алды. Мурда футболчу 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары татыктуу болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, Лионель Месси профессионал карьерасында “Барселона” клубу менен мыкты чабуулчу катары футбол тарыхында калды. Атактуу футболчу 10 чемпионатты, 6 Кубокту, 8 Испания Суперкубогун утуп алган. Мындан тышкары жеке 6 жолу “Алтын топ” сыйлыгына жана Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгына алты жолу татыктуу болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү