​Конор Макгрегор жаңыланан UFC рейтингинде жогорулады

​Конор Макгрегор жаңыланан UFC рейтингинде жогорулады
23-Янв. 2020, Бейшемби, 05:02

UFCнин мурдагы жеңил салмактагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор жаңыланан UFC рейтингинде 13 орундан 11ге көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Конор мындай жетишкендикке Лас-Вегасе шаарында UFC 246 турнири алкагында америкалык спортчу Дональд Серронени 40 секундда техникалык нокаут менен утуп алгандыгы себепчи болду.

UFC рейтингинин баштапкы үчтүгүнө мурдагыдай эле Джон Джонс, Хабиб Нурмагомедов жана Генри Сехудо турат. Ал эми Кыргызстандык UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко 12-орунга түшүп калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР