​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды

​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
23-Янв. 2020, Бейшемби, 08:35

Португалиялык футболчу,“Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду бир колуна эле 800 миң долларды тагынды. Тагыраак айтканда, атактуу футболчу Дубайдагы 14-Эл аралык спорт конференцияга эң кымбат Rolex саатын жана эки бриллиант шакегин тагынып барды.

“Ювентус” форвардынын башкы аксессуары колунагы эң кымбат Rolex сааты болду. GMT-Master II Ice модели 485 350 долларга сатылууда. Саат 18 карат ак алтындан жана 30 карат ак бриллиант менен шөкөттөлгөн. Мындан тышкары саат сууга бузулбайт, 100 метр тереңдикте деле иштей берет.

Португалиялык футбочуга бул чек эмес, анын мындан башка 1,5 миллион долларлык сааты бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР