​IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук спорттун 7 түрү кирди

​IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук спорттун 7 түрү кирди
24-Янв. 2020, Жума, 05:07

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса аймагынын Изник шаарында өтөөрү белгилүү болду. Бирок, учурда оюндардын өткөрүү күнү белгилене элек. Учурда Кыргыз өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Түркиянын жаштар жана спорт министри IV дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу спорт агенттиги билдирүүдө.

Маалыматка ылайык көчмөндөр оюнуна Кыргызстандын улуттук спорттунун жети түрү киргизилет. Алар — көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, алыш бел боо күрөшү жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү кошулду.

.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР