Бокс боюнча тандоо турлары вирустун айынан токтотулду

Бокс боюнча тандоо турлары вирустун айынан токтотулду
24-Янв. 2020, Жума, 06:57

Токио шаарында жайкы Олимпиада-2020 жана Паралимпиада оюндарына бокс боюнча биринчи тандоо мелдештери коронавирустун айынан токтотулду. Олимпиада оюндарына бокс боюнча лицензия берүүчү мелдештер Ухань (Китай) шаарында 3-февралдан 15-февралга чейин өткөрүлмөк. Бул тууралуу уюштуруучу топтун расмий баракчасында жарыяланды.

Буга 2019-nCoV коронавирустун Ухань шаарында чыгышы себепчи болууда. Мелдешти уюштуруу комитети спортчулардын коопсуздугу жана саламаттыгын сактоо максаттын ушундай чечим кабыл алган.

Эсиңиздерге сала кетсек, 019-nCoV деп аталган вирус 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болду. Аталган вирус 17 адамдын өмүрүн алды. Андан сырткары 400дөн адам бул вирусту жуктуруп алганы кабарланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР