​Кыргызстандын Футбол федерациясы аталышын өзгөрттү

​Кыргызстандын Футбол федерациясы аталышын өзгөрттү
14-Фев. 2020, Жума, 03:29

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы деген аталыш жоюлуп, Кыргыз футбол бирикмеси түзүлдү. Бул тууралуу аталган бирикмеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 2019-жылдын 14-ноябрында Футбол федерациянын кезексиз жыйынында кабыл алынган. Анда бардык 39 делегат "макул" деген добушун берген.

Өзгөрүүлөр биринчи кезекте юридикалык негизде жүргүзүлгөн. Анткени, ФИФА жакынкы убакыттан бери өз уставына тиешелүү өзгөрүүлөрдү киргизген. Мындан улам, буга чейинки “Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын” коомдук бирикмеси уюштуруу-укуктук таризи мындан ары ылайыктуу жана натыйжалуу болбой калды.

Андыктан, кабыл алынган юридикалык жактардын бирикмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана азыркы учурдагы эң оптималдуу уюштуруу-укуктук тариз болуп саналат. Бул бирикменин алкагында, негизги футбол уюмдарынын коммерциялык эмес уюмдар менен тыгыз иштөөгө, чогуу иштеген ишмердүүлүктү бир багытка салуу жана керектүү кызыкчылыктарды чогуу көрсөтүү менен коргоого мүмкүн болот.

“Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмеси Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүгө жооптуу жалгыз спорттук уюм катары толук укуктуу мүчөсү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт