Бишкекте өтө турган хоккей боюнча дүйнө чемпионаты коронавирус кооптуулугунан улам май айына жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери жана дене тарбия агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көптөрдүн өмүрүн алган коронавирус жайылып жаткандыктан, жарандардын коопсуздугу үчүн Кыргызстан чемпионаттын убактысын жылдырууну чечти.

Эскерте кетсек, буга чейин чемпионат март айына белгиленген. Оюндардын алдын ала түзүлгөн расписаниеси дагы жарыяланган.