2016-2017-жылдын футбол сезону аяктады

2016-2017-жылдын футбол сезону аяктады
10-Июнь 2017, Ишемби

Европа жана көптөгөн өлкөлөрдө футбол сезону соңуна чыкты. 2016-2017-жылдын “UEFA” нын чемпиондор лигасын “Реал Мадрид” утуп алды.

Чемпиондордун чемпиону -“Реал Мадрид”

Европанын биринчи номердеги кубогунун ээси “Реал Мадрид” финалда “Ювентус”ту 4-1 эсебинде утуп алды.

“Реал Мадрид” чемпиондор лигасын 12 жолу утуп, “Миландан” 5 жолку жеңиш менен аталган турнирде алдыга озуп чыкты. Ошондой эле Чемпиондар лигасынын тарыхында эки жолу катар менен кубокту уткан Реал Мадриддин футбол жылдызы Криштиану Роналду болду.

Финалдагы согулган эки голу Роналдуну жалпы 12 голу менен чемпиондор лигасынын мыкты бомбардири болуусуна түртү.
“Реал Мадрид” “UEFA”нын чемпиондор лигасында гана эмес, өз өлкөсүндө да бул сезондун лидери аталды.
“Барселона”ны “Реал Мадрид” 3 упайга арта калтырып, чемпионатын кубогун “Ла Лига” музейине 33-жолу тапшырды.

Европа лигасында сюрприз жок

Өткөн жылы футболдун мекени аталган Англияда “Ластер Сити” кереметинен кийин бул жылы негизинен сюрприз болгон жок. “Тоттенхэм”ди 86 упай менен артта калтырган “Челси” 93 упайга ээ болду. Премьер лигада Европа кубогу үчүн катышууга укук алган башка топтор “Манчестер Сити”, “Ливерпуль”, “Арсенал”, “Манчестер Юнайтед” жана “Евертон” болду. “UEFA” Европа лигасын утуп көздөгөн нерсесине жете албай калган “Манчестер Юнайтет”, кийинки чемпиондор лигасына атаандашууга укукгун утуп алды.
Германиянын биринчи футбол лигасы “Бундеслигада”да салт өзгөрүлбөй “Байерн Мюнхен” менен жогорку 5чи чемпионатка жетишти.

Францияда акыркы 4 жыл ичинде чемпион болгон “Париж Сен-Жермен” быйылкы чемпиондукту Монакого алдырды.

Мадридде клубунун оюнчулары бул жеңишке татыктуу жана салтанаты белгилөө укугуна ээ болушту.

Ювентус - Реал 1:4
Ювентус: Буффон — Барцальи (Куадрадо, 66), Бонуччи, Кьеллини, Алекс Сандро — Хедира, Пьянич (Маркизио, 71) — Дани Алвес, Дибала (Лемина, 78), Манджукич — Игуаин

Реал: Навас — Карвахаль, Рамос, Варан, Марсело — Модрич, Каземиро, Кроос (Мората, 89) — Иско (Асенсио, 82), Бензема (Бэйл, 77), Роналду

Эскертүү: Дибала, Пьянич, Алекс Сандро, Куадрадо — Рамос, Карвахаль, Кроос

Оюндан четтетүү: Куадрадо, 84 (экинчи сары кагаз)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!