Футбол: Кыргызстан-Индия курамалары беттешет

Футбол: Кыргызстан-Индия курамалары беттешет
13-Июнь 2017, Шейшемби

Бүгүн, 13-июнда Индиянын Бенгалор шаарында жергиликтүү курама команда менен Кыргызстандын футболчулары беттешет.

Аталган оюн Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын 2-турдук оюну. Бул беттешти япониялык калыстар тейлей турганы маалым.

Маалыматка ылайык, ФИФА калысы Ямамото Юдаи аталган оюндун башкы калысы болот. Анын жардамчылары катары Наги Тошиюки жана Очи Шинжи болушмакчы. Резервдеги рефери кызматын Мальдив аралдарынын өкүлү Жавиз Мохамед аркалайт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча 20:30да башталат.

Ошондой эле буга чейинки оюн тууралуу айта кетсек, кыргыз футболчулары “А” тайпасында Индия, Макао жана Мьянма өлкөлөрүнүн футболчулары менен Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн күч сынашат. 1-турдук оюнда Кыргызстандын фулбол боюнча улуттук курама командасы Макаону 1:0 эсебинде жеңсе, Индия конокто Мьянманы 1:0 эсебинде жеңген. Азыркы мезгилде бул эки команданын карамагында 3төн упай бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!