Футбол: Кыргызстан Индиядан жеңилип калды

Футбол: Кыргызстан Индиядан жеңилип калды
14-Июнь 2017, Шаршемби

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Индиянын курама командасына 1:0 эсебинде жеңилип калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ 13-июнь күнү Азия кубогунун тандоо турунун алкагындагы жогорудагы эки команданын беттеши Бишкек убактысы боюнча 20:30да Индиянын Бангалор шаарындагы «Sree Kanteerava» стадионунда башталып, 22:30 чамасында аяктаган. Анда эки команда оюндун биринчи бөлүгүндө тең чыгышкан.

Ал эми экинчи таймдын 24-мүнөтүндө Индиянын курама командасынын капитаны Сунила Четри эсепти ачкан. Кыргызстандык футболчулар оюндун жүрүшүндө көп чабуул жасаганы менен майнапсыз болгон.

Айта кетсек, Азия кубогунун тандоо турунда 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Алардын ичинен 12 курама топ финалдык таймашка жолдомо алат. Кыргыз футболчулары «А» тайпасында Индия, Макао жана Мьянма өлкөлөрүнүн футболчулары менен Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн күч сынашат. 1-турдук оюнда Кыргызстандын фулбол боюнча улуттук курама командасы Макаону 1:0 эсебинде жеңсе, Индия конокто Мьянманы 1:0 эсебинде жеңген.Азыркы учурда Индиянын курамасы өз үйүндө кыргыз футболчуларын жеңүү менен «А» тайпасында 6 упай менен биринчи орунга көтөрүлө алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!