Роналду миллиард доллар үчүн кетеби?

Роналду миллиард доллар үчүн кетеби?
21-Июнь 2017, Шаршемби

“Реал Мадриддин” президенти Флорентино Перес "клубдун чабуулчусу Криштиану Роналду коё берүүгө ниетим жок”,- деп ишендирди.

Жакында эле, испан прокуратурасы Роналдуну 15 млн салык төлөөдөн баш тартып жаткандыгын жүйө келтирип сотко арыз менен кайрылган.

Андан кийин Роналду “Реал Мадридди” таштап кетет деген кептер тараган.

"Биз, Криштиану Роналду менен бул тууралуу сүйлөшө элекпиз. Бирок жакынкы күндөрү сүйлөшөбүз, анын акысы миллиард доллар еврону түзөт. Аны төлөмөйүнчө Роналду эч жакка кетпейт”,- деп Перес “Onda Cero”го билдирди.

"Криштиану Роналду жаза пул төлөй тургандыгы жөнүндө ачууланган эмес. Ал дайыма эрежелерге так жүргөн жаран. Биз аны колдоо боюнча билдирүү жасадык. Роналду салыктык милдеттенмелерди аткарууга тийиш, бул баарын чечет",-деди ал өз сөзүндө.

Роналдунун “ПСЖ”, “Манчестер Сити” же “Манчестер Юнайтедге” кетиши ыктымал деген айың кептер тароодо. Реал Мадрид менен Криштианунун ортосундагы келишим 2021-жылга чейин күчүндө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!