​Дастан Шаршеев россиялык мушкерди жеңди (видео)

​Дастан Шаршеев россиялык мушкерди жеңди (видео)
28-Июнь 2017, Шаршемби

Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев россиялык атаандашы Антон Калининди реванш-беттешүүдө жеңип алды.

Беттеш 27-июнда Россиянын Казань шаарында өттү. Ал 70 кг чейинки салмактагы категорияда таймашты. Жыйынтыгында калыстар жеңишти Шаршеевге ыйгарды.

Эске салсак, Шаршеев үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Казань шаарында өткөн тай боксу боюнча мелдеште россиялык мушкер Антон Калининге жеңилип калган. Бирок ал калыстар тобунун мындай чечимине макул болбой, рингден түшпөй койгон. Кийинчерээк эки спортчу кайрадан реванш-беттешүүгө чыгаары маалымдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!