Эки футболчу карьерасын башка өлкөдөн улантат

Эки футболчу карьерасын башка өлкөдөн улантат
30-Июнь 2017, Жума

Кыргызстандык улуттук футбол курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт футболдук карьерасын Польша чемпионатында улантат. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынан билдиришти.

Бернхард Мелец шаарындагы “Сталь Мелец” клубу менен келишим түзүп, Польша чемпионатындагы биринчи лигада ойномокчу.

Буга чейин кыргызстандык оюнчу Германиянын Батыш аймактык лигасында, 2012-2014-жылдары Польша чемпионатында жана башка лигада ойногон.

Ал эми Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын лидери Антон Землянухин Россиянын премьер-лигасына катталган “СКА-Хабаровск” менен келишим түзгөн эле. Эми Землянухиндин жаңы клубу Орусиянын башкы лигасында ойноп баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!