Универсиада-2017: Кыргызстандан 10 спортчу катышат

Универсиада-2017: Кыргызстандан 10 спортчу катышат
20-01-2017

Универсиада-2017: Кыргызстандан 10 спортчу катышат

Алматыда өтө турган “Бүткүл дүйнөлүк XXVIII Кышкы универсиада-2017” оюндарына Кыргызстандан 10 спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, таймаштар 29-январдан 8-февралга чейин уланып, ага дүйнөнүн 64 мамлекетинен 5 миңден ашуун студенттер катышат. Оюндун 12 түрү 8 спорттук аянтта өтмөкчү. Кыргызстандын спортчулары оюндун 4 түрү боюнча мелдешке чыгат.

Алар, тоо лыжасынан Евгений Тимофеев жана Максим Гордеев, лыжа мелдешинен Тариэл Жаркымбаев жана Кундуз Абдыкадырова, биатлондон Николай Матвеев катышат. Сноубординг боюнча Тимур Губаев, Евгений Кузьмин, Алексей Вакурин жана Павел Вакурин, муз бийинен Кристина Бедросова күч сынашат.

Кубаныч Жусупбеков

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!