Жеңил атлетчи Маслова Азия чемпиону болду

Жеңил атлетчи Маслова Азия чемпиону болду
7-Июль 2017, Жума

Кыргызстан курама командасынын мүчөсү, жеңил атлетика боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери Дарья Маслова Азия Чемпионатында алтын байгени утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маслова бул жеңишке спорттун жеңил атлетика түрү боюнча 5000 метр аралыка чуркоо боюнча жеткен. Таймаш Индиянын Бхубанешвар шаарында 6-9-июлга чейинки аралыгында өтүп жатат.

Дарья Маслованын финалдагы көрсөткүчү 15 мүнөт 57.95 секунд убактысында марага биринчи жеткен. Экинчи орунда Бириккен Араб Эмиратынын спортчусу (15:59.95), үчүнчүдө Индиянын жеңил атлетчиси 16:00.24) келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!